Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 03.01.2020 11:10

Эл ичи — өнөр кенчи: У.Шатманов улуттук ордо оюнун унуттурбай, жаштарга үйрөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын 43 жаштагы тургуну Улукбек Шатманов кыш мезгилине карабай улуттук ордо оюнун жаштарга үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ордо боюнча бир топ мелдештерде жеңүүчү болгон.

«Атам ордону катуу ойногон киши болгон. 101 чүкөнү бир чертип кетчү. Улуттук оюнубуз болгон ордо унутта калбасын деп, мен дагы айылдын жаштарына үйрөтүп келем. Себеби ордочулар аз. Мен жана бир жаш жигит экөөбүз гана айылдын атынан ойноп келебиз. Кесибим дыйкан болсо дагы элге пайдам тийсе экен дейм. Коңшу айылда ордо ойноочу жери бар. Ошол жерде ойноп турабыз. Башка айылдагы командалар менен мелдештерге көп катышабыз. Машыгуу иретинде оюнчулар өзүбүз тыйын чыгарып, ага жеңген командалар ээ болушат.

Азыркы кезде усталар текстолит деген материалдан томпой жасап жатышат. Оюн ошондой томпой менен жүрүп калат. 15 жылдан ашык убакыттан бери кадимки томпой менен ойноп жүргөндүктөн, текстолит менен жасалган томпой менен ойноо кыйын болуп калат. Турнирлерге команда түзүп барабыз. Ал жактан көбүнчө биринчиликти алып келебиз. 3 жыл мурун республика боюнча 24 команда катышкан мелдеште да 1-орунду алып келгенбиз. Бул командалык оюн болгондуктан ар бир командадагы оюнчулар бири-биринин көз карашын байкап, чырга алдырбай, жакшы мээлеп, атуу ыгын жакшы билиши керек. Бирок ошондой болсо дагы чыр оюн деп айтууга болот. Себеби мында оюндун эрежеси көп. Таламыбызды талашып, мушташканга чейин барабыз. Оюн учурунда эсте калгандары көп болот. Ойноп жатып каршылаш командадагы оюнчулар менен чырдаша кетип, кийин алар жек-жаат болуп калган күндөр болгон. Оюн учурунда чырдашып, оюн бүткөндө достошуп жүрүп калабыз (күлүп).

3 күндүн биринде жаштар менен машыгып турабыз. Демөөрчүлөр жок, оюнга көңүл бурулбайт. Өзүбүз ортого тыйын чыгарып, ойноп машыгып турабыз. 10 жыл мурун ордочулар көп болчу, азыр жокко эсе. Улуттук оюн экен деп, сактап калуу максатында жаштарга үйрөтүп келем. Айылда ордо үчүн үстү жабылган орун болгондо буга кызыккан жаштардын саны көбөймөк», - деди ал.

Улукбек ордочу 2 кыз, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×