Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 03.01.2020 13:21 На русском

«Атаңар шаарда деп коём»: Иран элинин Таласка келин болгон кызы жолдошунан ажырап, 7 баласын жалгыз чоңойтууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Кайнар айылынын 38 жаштагы тургуну Альбина Нефтулдаева 7 баласын жалгыз багып жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Бала-Саруу айылында төрөлгөн. Учурда 5 уул, 2 кыздын апасы.

«Атам иран элинен болот, апамдын улуту татар. Алар Таластын Бала-Саруу айылында жашашат. Атамдын ата-энеси кандайдыр бир себептер менен Кыргызстанга келип, Манас районуна отурукташып калышкан экен. Атам Бала-Саруу айылында төрөлүптүр. Мен Бала-Саруудагы орто мектепти бүткөм. Өзүм 7 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Мектепти аяктап, 18 жашымда жолдошум Акылбек Биймырзаев экөөбүз баш кошконбуз. Ошол убакта бизге кызыккандар көп болгон. Себеби айылда башка улуттагы кыздарга үйлөнүү керек дегендер болуп, «сиңдилериң барбы?» деп көптөр сурап жүрдү (күлүп). Иран улутундагы кыз болсо кантип жумуш кылат экен деп таң калуу менен карагандар мындан көп болду. Бирок улутубуздун гана башка экени айтылганы болбосо, ушул жерде чоңойгондуктан салт-санаа, жашоо-тиричиликтин агымынын баары кыргызча болуп калган.

Кыздуу болобуз деп жүрүп, баатыр эне болуп калдым. «Баатыр эне» сыйлыгына 3 жыл мурун ээ болдум. Сыйлык алганы барганда аябай уялгам. Себеби айылдагы эң жаш баатыр эне мен болгом. Азыр тескерисинче менин жашоомдогу тиректерим деп, балдарым менен сыймыктанам. Баары чоңоюп, улуу балам кол кабыш кылып калды. Балдарымдын көпчүлүгү атасына окшош. Ар биринин мүнөзү ар кандай. Ар кимисинин көзүнө карап, ошого карата мамиле кылам.

4 жыл мурун балдарымдын атасы кайтыш болуп кетти. Жолдошум тирүү болгондо декабрда бирге жашаганыбызга 15 жыл болмок. Мен иштебейм, балдарыма жөлөк пул алып, ошону менен оокат кылабыз. Кудай шүгүр, баарына жеткирип багып жатам. Жолдошум 8 бир туугандын үчүнчүсү болчу. «Балдарым байлыгым, көп балалуу болгум келет» деп көп айтчу. Бирок бизди таштап кете берди. Азыр кичүүлөрү «атам каякта?» деп сурашат. Мен «шаарга кеткен, шаарда жүрөт» деп коём. Балдарым боорукер. Алардан келечекте мугалим, тигүүчү, ашпозчу, мыкты дизайнерлерди көрөм деп турам. Себеби ошол тармактар боюнча жөндөмдөрү байкалып турат. Өздөрү дагы айтышат. Кызым мектептен үйрөнүп келгенин көрсөтүп, эжекесин туурап балдарымды окутат (күлүп). Учурда алтоо мектепте окушат.

Балдар менен кызык окуялар болот. Улуу баламды таппай калып эле издеп жүрчүбүз. Көрсө кичинекей болсо дагы бизден бекинип ойноп, бекинген жерине отура берип уктап калчу экен. Аябай издеп, эсибиз оочу. Кийин басып бара жатканын угуп турайын деп атайын үнү чыгып турчу бут кийим алып бердик. Ошону менен бат эле таап алып жүрдүк.

Азыр балдарымдын ыйманын тилеп отурам. «Мынча баланын кылык-жоруктарына кантип чыдайсың?» дегендер болот. «Сабырдуулук керек» деп жооп берем. Бир жолу айылчылап, балдарымдын баарын ээрчитип алгам. Таксист аке «эжеңиздин же кошуналардын балдарын дагы кошуп алгансыз го» деп калды. «Баары өзүмдүкү» десем таң калган. Ошондон кийин элдин көзүнө урунтуп, баарын бирге алып жүрбөй калдым», - деди ал.

Альбина айымдын уул-кыздары:

- Эсенаманов Марат 2001-жылы төрөлгөн;

- Эсенаманов Шадияр 2004-жылы төрөлгөн;

- Эсенаманов Байдөөлөт 2006-жылы төрөлгөн;

- Эсенаманов Алихан 2007-жылы төрөлгөн;

- Эсенаманова Акылай 2010-жылы төрөлгөн;

- Эсенаманова Асема 2012-жылы төрөлгөн;

- Эсенаманов Дархан 2015-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×