Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 09.01.2020 18:11 На русском

Таластагы айылдан жарадар ак илбирс табылып, талдын башынан түшүрө албай жатышат. Видео

Turmush -  Бүгүн, 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Талас облустук Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин жетектөөчү адиси Алиева Айнура билдирди.

«Бизге бул маалымат саат 17:00дө келди. Бардык тиешелүү органдар жана жергиликтүү тургундар келишти. Ак илбирс кантип айылга келип калганы белгисиз. Келсек, талдын үстүндө ак илбирс турат. Кан агып жатат, жарадар окшойт. Талдын үстүнөн кантип түшүрөбүз деп билбей турабыз. Анткени эч кандай адис же шаймандар жок. Бардык тиешелүү жактарга маалымат бердик. Кармалса Бишкектеги реабилитациялык борборго алып барабыз. Билгендер ак илбирстин картаңы деп жатышат. Бирөөлөр баласы деп жатышат. Талдан түшмөйүнчө эч кандай так маалымат бере албайбыз», - деди ал.

Ал эми Көк-Ой айылынын тургуну Куттубек Эркебаев илбирсти биринчи көрүп, тиешелүү жактарга билдиргенин айтты.

«Саат 15:30 чамасында ат сугарганы келсем ит үрүп калды. Катуу үргөнүнөн келсем илбирс экен. Илбирсти көргөндө ушундай коркуп…

Буга чейин жырткычтар малды жеп кетип жатышкан. Жакында эле инимдин торпогун, 4 күн мурун дагы бир инибиздин 3 коюн жеп кеткен. Бирок эмне жеп кеткенин билбейбиз. Илбирске шылтап деле болбойт. Илбирсти көрүп, Экотехинспекцияга чалдым», - деди ал.

Аталган маалымат чыккандан көп өтпөй ак илбирсти дарактын башынан түшүрүп, кармашканы белгилүү болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×