Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 09.01.2020 18:30

Малымды жеп койгон дегендер бар: Таластагы токойдон жарадар болуп жүргөн ак илбирсти кармашты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болуп, талдын башында турган ак илбирсти кармашты. Бул тууралуу Turmush басылмасына Талас облустук Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин кызматкери Чынарбек Сатыбалдиев билдирди.

«Бул жерде жергиликтүү тургундар «малыбызды жеди» деп айтып жатышат. «Тайымды жеди, уюмду жеди» дегендер бар. Бирок карышкыр жегени же бул илбирс жегени белгисиз», - деди ал.

Буга чейин Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылып, дарактын башынан түшүрө албай жатышканы кабарланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×