Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 11.01.2020 12:07

Таласта башынан жаракат алып кармалган ак илбирстин чоо-жайы боюнча иликтөө башталды

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болуп кармалган ак илбирс боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-январда аталган факты каттоого алынып, ар тараптуу териштирүү иштери колго алынды.

Буга чейин 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болуп, талдын башында турган ак илбирс кармалган.

Кийинчерээк Таластан Бишкекке алынып келген жарадар ак илбирстин башынан 70дей октун чачмалары табылып, операция жасалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×