Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 13.01.2020 14:45

Таластын Көк-Ой айылында «Робототехника» ийриминдеги балдардын эмгектери тааныштырылды

Turmush -  11-январь күнү Талас районунун Көк-Ой айылында «Робототехника» ийриминдеги балдардын эмгектеринин көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас райондук балдарга билим берүү бөлүмүнүн директорунун орун басары Мирбек Рахматилдеев билдирди.

Анын айтымында, аталган ийрим 2019-жылдын ноябрь айынан баштап иштеп баштаган. Бүгүнкү күндө ийримде 24 бала тарбияланууда.

«Робототехника» ийрими биз жашап жаткан аймакка абдан керек болуп саналат. Андыктан балдарга татыктуу тарбия, билим берүү, ыңгайлуу шарт түзүп берүү керек. Ийримде 24 бала тарбияланат. Бирок 5 окуучу гана өз алдынча макет жасай алышат. Калган окуучулар жаңыдан үйрөнүп келе жатат. Окуучулар 1 айда жасап үйрөнгөн макеттерин көргөзмөгө коюп, 1 айлык иштеринин жыйынтыктарын көрсөтүп беришти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×