Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 13.01.2020 19:08

Таластын Көк-Сай жана Кайнар айылдарынын борбордук көчөлөрү толугу менен жарыктандырылып жатат

Turmush -  Бүгүн, 13-январда Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Сай жана Кайнар айылдарынын борбордук көчөлөрү толугу менен жарыктандырылып жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Болот Стамкулов билдирди.

Анын айтымында, Көк-Сайдагы 2,5 км, Кайнар айылындагы 1,5 км жолго түнкү чырактар коюлду.

«Жалпы сметалык баасы 1 млн 400 миң сомду түздү. Анын 1 млн 266 миң сомун тендерден утуп алып, ошол жактан бөлүндү. Ушуну менен борбордук көчөлөр 100% жарыктандырылат. Ички көчөлөргө атасынын атын койгон тургундар жарыктандыруу иштерин аткарат. Бүгүнкү күндө Сейитов Субанбек атындагы көчөгө баласы түнкү чырактарды коюп жатат. Бул иш тургундарга жакшы шарт түзүп, жол кырсыктарды алдын алуу максатын көздөйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×