Turmush — NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Гур айылынын Сарыгой капчыгайында коюлган фотокапкандарды алышты. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эми алдыда фотокапкандан сүрөттөр алынып, ага түшкөн жапайы жаныбарлар боюнча маалыматтарга илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт.
«Бул иш-чаранын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техинкалык көзөмөл министрлигинин Ош, Баткен облустарынын регионалдык башкармалыктарынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн, Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын жана Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коомунун кызматкерлери менен биргеликте тоолуу аймактарда мыйзамсыз аңчылыкка каршы атайын рейд да өткөрүлдү», - деп айтылат маалыматта.
Рейддик иштер экологиялык кызматкерлер мыйзамсыз аңчылык көп болуп жатканы айтылган аймактарда жүргүзүлдү. Тактап айтканда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жол-Чырак, Жиптик, Лаглан, Кара-Сөгөт жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы Токойчу, Нарай, Өрүктү, Көк-Мойнок, Тамаша, Майдан жайлоолору текшерүүгө алынып, одоно укук бузуулар катталган жок.
«Бул иш-чаранын алкагында өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.