Turmush — Ат-Башы районунда жумушсуздукту азайтуу жана жарандарды иш менен камсыз кылуу максатында бош орундар жармаңкеси өттү. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, ага жалпысынан 759 бош жумуш орду коюлду.
Негизги орундар:
- 688 орун — «Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан» темир жолунун курулушуна;
- 34 орун — мамлекеттик мекемелерге;
- 37 орун — жеке ишкерлерге таандык.
Иш-чарага райондун, «Торугарт» логистикалык компаниясынын жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш берүүчүлөр талапкерлерге жумуш шарттары жана эмгек акы боюнча маалымат беришти.
Ошондой эле, жармаңкенин алкагында «Социалдык келишим» долбоорунун катышуучуларынын жана №32 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн кол эмгегинен жаралган продукциялардын көргөзмөсү уюштурулду.