Turmush — Кечээ, 23-апрелде Панфилов районунун Орто-Кайыңды айыл аймагына караштуу Вознесеновка айылында «Сайра, комуз» аталышындагы иш-чара өттү. Анда жаш комузчулар ата-энелерге өз өнөрлөрүн тартуулашты.
«Жаш толкун» комузчулар ансамблинин негиздөөчүсү, маданияттын мыкты кызматкери Бүбүжан Усарованын айтымында, 9-14 жаштагы комузчулардан турган ансамбль 2024-жылы түзүлгөн.
Иш-чара президенттин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужол жарлыгын ишке ашыруу максатында Орто-Кайыңды айыл өкмөтү жана райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурулган.
«Көптөн бери кыялымда жүргөн тилегим орундалып, 2024-жылы жаш комузчулар ансамблин түздүм. Учурда 20дан ашуун жаш комузчу өнөрүн такшалтып келет. Кечээ, 23-апрелде Вознесеновка орто мектебинин базасында жаш таланттар ата-энелерге өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Анда элдик комуз күүлөрү жаңырды», — деди ал.