Turmush — Кечээ, 23-апрель күнү Талас районунун Чоң-Алыш айыл өкмөтүндө окуучулар арасында спорттук мелдештер өттү.
Маалым болгондой, мелдеш Талас РИИБ жана айыл өкмөтү тарабынан биргелешип уюштурулду. Ага А.Карыпкулов, Ш.Жумагулов, Б.Жанузаков, А.Оторбаев атындагы орто мектептердин жана №110 кесиптик лицейдин окуучулары катышты. Аталган иш-чаранын негизги максаты жаштар арасында ынтымакты чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу, укук бузуулардын, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жаш өспүрүмдөргө карата жана алардын тарабынан жасалуучу укук бузууларды, кылмыштуулукту болтурбоо болуп саналат. Кыздар арасында волейбол, балдар арасында футбол, тогуз коргоол жана аркан тартыш өткөрүлдү.
Жеңүүчүлөргө Чоң-Алыш айыл өкмөтү тарабынан грамота, медаль, кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.