Turmush — Бүгүн, 26-август күнү Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин жаңы чакырылыштагы 20 депутаты Жерүй кениндеги иштер менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, алар алтын иштетүүчү фабриканын, калдык сактоочу жайдын иши менен жеринен таанышып чыгышты. Алгач «Альянс-Алтын» компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов депутаттар менен таанышып, аларга компанияда учурда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, ушул жылдын 17-мартынан тарта алтын өндүрүлө баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин 1500 кг алтын өндүрүлгөн. Кымбат баалуу металлдарды сатып алуудагы артыкчылык берилген укуктардын негизинде Кыргызстандын Улуттук банкы 1200 килограмм аффинирленген алтын саткан. Учурда 1200 адам иш менен камсыздалган.
Депутаттар калдык сактоочу жайдагы экологиялык коопсуздук багытында суроолорду беришти. Экологдор калдык сактоочу жай 5 катмардан – чополуу топурак, геотекстиль, геомембрана, геотекстиль, чополуу топурактан туруп, эң жогорку сапаттагы материалдар менен жабдылып, калдык сактоочу жайдагы иш жумасына текшерүүдөн өтүп турарын белгилешти. Бардык текшерүүдө комиссия түзүлүп, анын курамында Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары жана жергиликтүү депутаттар бар экени айтылды.
Андан соң тегерек стол өттү. Анда «Альянс Алтын» компаниясы тууралуу маалымат берилип, кызматкерлердин 60% Талас облусунун тургундары жана орточо айлык маяна 59 миң сом экени маалым болду. Ага катар эле «Альянс Алтын» каржылоого ала турган мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында сунушталган долбоор талкууланды.
20-августка карата «Альянс Алтын» компаниясы «Жерүй» долбоорун ишке ашыруунун алкагында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге баары биригип 2 млрд 781 миң сом төккөн. Алардын ичинде алтын сатуудан түшкөн киреше 902 млн сомдон ашкан. Компания 93 млн сомдон ашык каражатты Талас облусунун жергиликтүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана каржылоого жумшаган.