Turmush — Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү аялдар медициналык текшерүүдөн акысыз өтүп жатышат. Мындай мүмкүнчүлүктү «Альянс Алтын» ЖЧКсы «Бакубат Талас» фонду менен биргеликте түзүп берүүдө.
Текшерүү заманбап маммограф аппараты орнотулган көчмө диагностикалык клиниканын жардамы менен жүргүзүлүүдө. Мында алар эмчек безинин шишик оорусуна карата текшерүүдөн өтүшөт.
Медициналык кароо 15 күнгө созулат. Бир күндө 30дан ашык аял текшерүүдөн өтө алат. Алардын ар бирине 15 мүнөттөн убакыт бөлүнөт.
Координатор Тынара Касымалиева иш-чара бүгүн, 29-сентябрда башталганын, эмчек безин текшерүү боюнча көчмө текшерүү алгачкы жолу уюштурулуп жатканын белгиледи.
«Аймактарга эмчек безин текшерүү боюнча көчмө жабдуулар менен алгачкы ирет чыгып жатабыз. Бул иш башка региондорго да үлгү болот», - деди ал.
Президенттин Таластагы өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.