Turmush — Талас районуна караштуу Арал айылынын 26 жаштагы тургуну Доорон Бекенов устачылык менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Устанын айтымында, 2014-жылы Касымкул Нанаев атындагы орто мектепти аяктаган. Учурда буюртма менен жыгачтан ар кандай эмеректерди жасайт.
«Бул кесипти тандаганымдын себеби чоң атам, атам уста кишилер. Аларды көрүп, мен да устачылыкка кызыкчумун. Эс тарткандан бери алардын жанында жүрүп, кызыгуум артты. Кичинекей кезимде чоң атама абдан жакын болчум. Иштеп жатканын көрүп, устачылыкты үйрөндүм. Бала кезде акча сурасам, акчаны станоктун алдына таштап, жыгачтын калдыктары менен жаап, «Ошол жерден чыгат, таап ал» деп койчу эле», - деди ал.
Анын эмгектери өлчөмүнө жараша бааланат. Айрым учурларда атасы экөө чогуу иштейт.
Каарманыбыз буга чейин Россиянын Москва шаарында соода тармагында 8 жыл иштеген. Ошондой эле Түркияда мейманканада бармен болуп эмгектенген.
Ал үй-бүлөдө 5 бир тууган, 2 уул жана 3 кыз.